Феруз Турсунов: "Алтын сертификат" алганымды укканда, эң биринчи апама сүйүнчүлөдүм"



Өлкөбүздүн эң алдыңкы окуучулары менен маектешүүнү улантабыз. Бул жолу Жалпы республикалык тестирлөөдөн 224 упай алып, Баткен облусу боюнча эки “Алтын сертификаттын” бирине ээ болгон Феруз Турсунов менен баарлаштык.
Феруз Турсунов Баткен облусундагы Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейин бүтүрүп жатат. Ал 7-классына чейин Кыргызстандын 50-жылдыгы атындагы орто мектебинде билим алган. Таенеси менен апасынан тарбия алганын айткан Феруз “Алтын сертификат” алып калышына да дал ушул эки инсандын салымы чоң деп эсептейт.
“Мени апам менен таенем чоңойткон. Апам кесиби боюнча мугалим. Мен “Алтын сертификатты” апамдын таасири менен, анын берген тарбиясынын негизинде алып отурам. Апам менен таенем мага максатка жете билүүнү, билимге умтулууну жана бардык нерсеге кызыга билүүнү үйрөтүштү. Мен бул эки инсанга ыраазымын”, – деп билдирди Турсунов.
“Алтын сертификат” алганда дагы кубанычын тең бөлүшүү үчүн Феруз эң биринчи апасына телефон чалып, сүйүнчүлөгөн.
“Мен китеп окуп отургам, андан кийин эле күтүүсүздөн телефонго ар кандай куттуктоолор келип жатты. Башында эмне болуп жатканын түшүнгөн жокмун. Бир аздан кийин “Алтын сертификат” алган окуучулардын тизмесинин шилтемесин жөнөтүштү. Жыйынтыкты көрүп алып аябай сүйүндүм, дароо апама чалдым”,
- деп сезимдери менен бөлүштү Феруз.
Ал эми ЖРТга канча убакыт даярданганын сураганыбызда, Турсунов буларга токтолду:
“Мен Жалпы республикалык тестирлөөгө бир жыл бою даярдандым. Менимче, “Алтын сертификат” менин ошол мээнетимдин жыйынтыгы”.
Эң башкысы каалоо экенин айткан Феруз кийинки жылкы бүтүрүүчүлөргө дисциплинага көбүрөөк маани берүү керек экенин айтууда. Анын ою боюнча ЖРТга даярданууда көп тапшырмаларды аткаруу зарыл.
"Алтын сертификатка" ээ болгондор Кыргызстандагы каалаган окуу жайда бюджеттик негизде окуса болот. Аталган сертификаттын ээлери көп учурда чет өлкөдөн билим алууну каалашат. Мындай мүмкүнчүлүккө ээ болгон Феруз келечекте инженер болууну каалайт. Бирок ал азырынча кайсы жогорку окуу жайына тапшыра турганын чече элек. Ошентсе да Кыргызстанда эле окуусун улантууну көздөөдө.
“Мен дайыма инженер болгум келчү. Мени бул тармак дайыма кызыктырып келет. Учурда инженерия тармагында билим алууну пландап жатам. Кайсы университетке тапшыра турганымды чече элекмин. Бирок окууну Кыргызстанда эле улантам го”, – деп сөзүн жыйынтыктады Турсунов.
Эске салсак, буга чейин SUPER.KG сайтына "Алтын сертификат" алган Муратбек Ажымаметов менен Мээрим Аскарбекова да маек берген болчу.



