"61 депутат макул болду". Жогорку Кеңеш Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди
Бүгүн, 22-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди. Маселе жабык эшик артында каралды.
Депутат Гуля Кожокулова билдиргендей, депутаттык комиссия Башкы прокурордун өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырган. Пленардык жыйында убактылуу комиссиянын корутундусу 61 депутаттын макулдугу менен жактырылды. Ошондой эле ал 17 эл өкүлү каршы болгонун кошумчалады.
Эске салсак, 31-майдагы парламенттин жыйынында Башкы прокуратура Жогорку Кеңешке Адахан Мадумаровду жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуш киргизгени маалым болгон.
Ошол эле күнү аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушун кароо үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:39
2025-11-25
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















