Кыргызстан өзбекстандыктар үчүн эң башкы туристтик багыт болуп калды
Ушул жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстан өзбекстандыктар үчүн туристтик максатта барган мамлекеттердин тизмесинде биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазды.Маалымдалгандай, беш ай аралыгында 1 миллион 600 миң өзбекстандык туристтик максатта чет өлкөлөргө кеткен. Өзбекстанга турист катары эң көп барган Кыргызстан (650,7 миң адам). Андан кийинки орундарда Тажикстан (422 миң адам) жана Казакстан (255,7 миң адам) турат.
Ал эми Орусияга барган өзбекстандыктар 65 миң 100 адамды түзөт. Ага ылайык, БАЭге - 59 миң, Түркияга 52,7 миң адам барган. Ошондой эле өзбекстандыктардын туристтик куржунунда Сауд Арабиясы, Кувейт, Египет жана Азербайжан бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:11
2025-11-09
23:52
2025-11-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















