Баткенде жер титиреди
Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 23-июнда саат 07:51де катталып, анын күчү очогунда 3,5 баллга жеткен.
Жер титирөө Кадамжай районунун Айдаркен шаарында, Жаңы-Коргон жана Тескей айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.