Бишкекте жарнамаларды иретке келтирүү иши уланууда
Бишкекте тышкы жарнамаларды иретке келтирүүдө латын арибинде жазылган 20дан ашык жарнамалык баннерлер жана 2 жарнамалык такта алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, жарнама конструкцияларын демонтаждоо Фучик көчөсүндө Жибек Жолу проспектисинен Жаш Гвардия бульварына чейин жүргүзүлдү.
Буга чейин комиссия тарабынан жарнаманы жайгаштыруу эрежелеринин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, билдирүүлөр таратылган.
Белгилей кетсек, текшерүүлөр шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, тышкы жарнама маалыматтын мамлекеттик тилдеги тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, ошондой эле шаардын сырткы жарнамаларын жайгаштыруу жана пайдаланууну тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.

