super.kg logo

Бишкекте Евробиримдиктин колдоосунда адам укуктарын коргоого багыттаган тегерек стол өттү

 

Кечээ, 22-июнда Бишкекте Евробиримдиктин «Адилеттүлүккө мониторинг – Кыргызстанда адам укуктарын илгерилетүүдө жарандык коомду чыңдоо» долбоорунун алкагында тегерек стол уюштурулду. Ал "Кыргызстандагы адам укуктарын коргоо системасына коомдук мониторинги: мүмкүнчүлүктөр, инструменттер, жол-жоболор" темасынын алкагында өттү.

Белгилүү болгондой, иш-чарага гендердик теңчиликке, экологиялык укуктарга, ошондой эле жеке маалыматтардын кол тийбестик укугуна өзгөчө басым жасоо менен мыйзам чыгаруу процессине, ошондой эле адам укуктарын коргоонун сотко чейинки укук колдонуу практикасына коомдук мониторинг жүргүзүү механизмин иштеп чыгуу маселелерин талкуулоо максатында юристтер жана адам укуктары боюнча серепчилер, ошондой эле Кыргызстандагы 30дан ашык жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Долбоордун өкүлдөрү аталган долбоор гендердик теңчиликке, жеке турмуштун кол тийбестигине жана экологиялык укуктарга басым жасоо менен Кыргызстанда укуктук реформаларды жана адам укуктарын коргоодо жана мониторинг жүргүзүүдө жарандык коомдун ролун күчөтүүгө багытталганын баса белгилешти.

Тегерек столдун жыйынтыгында катышуучулар укуктун үстөмдүгүн жана адам укуктарын коргоону илгерилетүүдө жарандык коом уюмдарынын ишин күчөтүүгө жардам бере турган жаңы ыкмаларды колдонуу менен адам укуктарын коргоо системасына коомдук мониторинг жүргүзүүнүн универсалдуу методологиясын иштеп чыгуу маанилүү деген пикирге келишти.

«Адилеттүүлүккө мониторинг – Кыргызстанда адам укуктарын илгерилетүүдө жарандык коомду чыңдоо» аталышындагы долбоор Европа Биримдиги жана кошумча Конрад Аденауэр Фонду тарабынан каржыланат. Долбоор Конрад Аденауэр атындагы Фонду тарабынан Макс Планктын Эл аралык тынчтык жана мыйзам үстөмдүгү үчүн фонду, «БИОМ» экологиялык кыймылы жана аялдардын «Алга» ассоциациясы менен биргеликте ишке ашырылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: