super.kg logo

Ысык суу эмнеге берилбей жатат? “Бишкек жылуулук тармактар” ишканасы себебин түшүндүрдү

 

Бишкектеги абоненттерге суу берүү түйшүктүү иш болгондуктан убакытты талап кылат. Учурда суу берүүнү жөнгө салуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу “Бишкек жылуулук тармактар” ишканасынан билдиришти.

Эскерте кетсек, Бишкекте ысык суу 22-майдан 22-июнга чейин өчүрүлгөн. Мындай өчүрүүлөр профилактикалык иштерди жүргүзүп, жылытуу мезгилине даярдык көрүү максатында жыл сайын болуп келет.

Бирок күн мурун, 22-июнда (суунун бериле турган күнү) жана бүгүн, 23-июнда борбор калаанын көптөгөн жашоочулары социалдык тармактарда суу берилбей жаткандыгына нааразычылыктарын билдиришкен.

“Жакынкы эки күндүн ичинде бардык абоненттерге ысык суу берилет. Шаардыктардан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен мамиле кылуусун суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: