super.kg logo

“Бакай Банк” Бишкек шаарынын жашоочуларынын сүймөнчүгү болгон Кычан Жакыпов атындагы сейил бакты реконструкциялайт

 

Бир кезде шаардыктардын сүймөнчүгү болгон Кычан Жакыпов атындагы сейил бакка экинчи жашоо тартууланганы турат. “Бакай Банк” менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жогоруда аталган сейил банкты реконструкциялоо жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Макулдашууга кол коюу маданият министри Алтынбек Максүтовдун жана “Бакай Банктын” башкармасынын төрайымынын биринчи орун басары Марат Какеевдин катышуусунда өттү.

Марат Какеев Маданият министрлигинин башчысына кайрылып: “Мичурин көчөсүндө Банктын жаңы бөлүмү ачылган кезде эле бизде Сейил бакты реконструкциялоо идеясы пайда болгон. Сейил бактын аймагы жасалгалоого көп мезгилден бери муктаж болуп келет, Маданият министрлиги биздин демилгебизди кабыл алгандыгына абдан кубанычтабыз. Биздин долбоор айланадагы экологиялык кырдаалдын жакшырышына өбөлгө болоруна, ошондой эле эс алуу жана көңүл ачуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөрүнө ишенебиз. Жакынкы мезгилде биз сиз менен биргеликте жаңыртылган сейил бактын ачылышына күбө болобуз” – деди.

Адистердин сунуштамаларынын негизинде топографиялык сүрөткө тартуу иштери жүргүзүлдү, сейил бактын дизайн-долбоору иштелип чыкты, реконструкциялоонун башкы планын иштеп чыгуу иштери башталды.

Долбоорду жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамынын талаптары сактала тургандыгын белгилеп кетмекчибиз.


“Үстүбүздөгү жылдын февраль айында “Бакай Банк” сейил бакты толук реконструкциялоо демилгесин көтөрүп, Маданият министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп баштаган. Макулдашууларды түзүү боюнча көптөгөн иштер аткарылды. Бүгүнкү макулдашууга кол коюу – бул маанилүү долбоордун ишке ашырылышынын башталышы болуп саналат. Шаарыбыздын жашоочуларынын жана конокторунун маданияттуу эс алууларына шарт түзүү демилгесин көтөрүп чыккандыгы үчүн “Бакай Банкка” терең ыраазычылык билдиребиз" – деп белгиледи өз сөзүндө Алтынбек Максүтов.

Эске сала кетсек, Абдрахманов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан сейил бакты мындан 136 жыл мурда белгилүү ботаник Алексей Фетисов негиздеген. 1951-жылы бул жерге Пионерлер сарайы курулган. 1963-жылы сейил бакка азыркы аты расмий түрдө ыйгарылган. Акыркы он жылда бул тарыхый жерге көңүл бурулбай, унутта калып келген.

ВРЕЗ: Өткөн жылы күзүндө “Бакай Банктын” кызматкерлери Кычан Жакыпов атындагы сейил бакты иретке келтиришти.

Долбоорду жүзөгө ашыруу юбилейлик жылы “Бакай Банк” тарабынан “25 жылда – 25 жакшы иш” девизинин алкагында уюштурулган иш-чаралардын алкагында өткөрүлүп жаткандыгын белгилей кетмекчибиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: