super.kg logo

Неймарга 1 миллион евро айып пул салынышы мүмкүн

 

СЖнын" футболчусу Неймарга футболчунун Рио-де-Жанейро штатындагы резиденцияларынын биринде экологиялык эреже бузгандыгы үчүн 1 миллион евро айып пул салынышы мүмкүн. Бул тууралуу L'Equipe сайты Рио-де-Жанейро мэриясынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Неймар жерди мыйзамсыз колдонгон, суу жээгиндеги кумду уруксатсыз алган жана жасалма көлдү камсыз кылуу үчүн дарыядан суу алган деп айыпталууда.

"Учурда мыйзам бузууларга баа берүү жүргүзүлүүдө. Эсептөөлөр боюнча жана экологияга келтирилген зыянды эске алганда, айып пул кеминде 5 миллион реалды (болжол менен 950 миң евро) түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, бразилиялык футболчу 2013-2017-жылдары "Барселонада" оюн көрсөткөн. 2017-жылдан бери "ПСЖ" футболдук клубунда ойноп келет. Ал аталган клуб менен беш жолу Франция чемпиондугун жеңген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: