super.kg logo
  Саясат  

Чолпон-Атада КМШ ПААнын Контролдук-бюджеттик комиссиясынын кезектеги отуруму өттү

 

Бүгүн, 23-июнда Чолпон-Ата шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Контролдук-бюджеттик комиссиясынын кезектеги отуруму өттү.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиргендей, жыйындын күн тартибинде КМШ ПААнын ишмердүүлүгүн каржылоо, бюджетин түзүү жана аны аткаруу маселелери каралды.

Иш-чаранын ачылышында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева сөз сүйлөп, өткөрүлүп жаткан отурумдун маанилүүлүгүнө токтолду. Ошондой эле мамлекеттер аралык байланышты чыңдоодо парламенттик диалогдун ролу чоң экенин белгилеп, КМШ ПААнын алкагында аткарылчу иштерге токтолду. Муну менен катар Армения, Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Орусия жана Өзбекстан мамлекеттеринен келген ассамблеянын Контролдук-бюджеттик комиссиясынын мүчөлөрүнө ийгиликтерди каалады.

Ал эми отурумдун картышуучуларына экономика министри Данияр Амангелдиев өлкөнүн учурдагы социалдык-экономикалык абалы тууралуу маалымат берди. Андан сырткары, Демократияны, парламентаризмди өнүктүрүүгө жана КМШга мүчө мамлекеттердин жарандарынын шайлоо укуктарын сактоого мониторинг жүргүзгөн эл аралык институттун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн баяндамасын угушту.

Жыйын соңунда комиссиянын мүчөлөрү КМШ ПААнын 2023-жылга карата сунушталган иш планын бекитишти.

Белгилей кетсек, КМШ ПААнын Контролдук-бюджеттик комиссиясынын кезектеги жыйыны комиссиянын төрагасы, депутат Искендер Матраимовдун демилгеси менен Чолпон-Ата шаарында уюштурулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: