super.kg logo
  Саясат  

Соттордун жана прокурорлордун ишмердүүлүгүн текшерүүчү депутаттык комиссиянын отуруму өттү

 

Бүгүн, 23-июнда абактан мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча соттордун жана прокурорлордун, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын экинчи отуруму болду.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, анда Комиссиянын катчылыгына депутат Нилуфар Алимжанова шайланып, уюштуруу-практикалык иш-чараларынын планынын долбоору талкууланып, иштөө багыттары такталды.

Комиссиянын төрагасы Жусупбек Коргонбай уулу алдыда өтө чоң иш-аракеттер жана максаттар турганын белгилеп, комиссиянын алдындагы жумушчу тобунун курамына Жогорку Кеңештин тийиштүү бөлүмдөрүнүн дасыккан юристтери, эксперттери, мурда органдарда иштеп кеткен көз карандысыз күчтүү юристтер жана адвокаттар кошулуп жатканын билдирди.

Комиссиянын мүчөлөрү Арсланбек Малиев жана Эмил Токтошев иштөө багыттары боюнча өз сунуштарын беришти. Маалым болгондой, убактылуу депутаттык комиссия 2018-жылдан берки материалдардын үстүндө иштеп, оор кылмыш кылгандар абактан мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулганын, ошол эле учурда жеңил кылмыш менен түрмөдө отургандарга мөөнөтүнөн мурда бошотуу колдонулбай жатканын иликтөөгө басым жасай турган болду.

Аны менен катар өлкөдөгү жабык жайларды кыдырып, абактагы жарандар менен жолугушуу уюштуруу пландалууда. Отурумга депутат Шайлообек Атазов да катышып, сотторго карата нааразычылыктар өтө көп экенин, кайрылгандардын 90 пайызы ушул жаатта болуп жатканын белгилеп, өзү да көмөк көрсөтөрүн билдирди.

Эске салсак, 14-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында мыйзамсыз соттолгондор, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча соттордун жана прокурорлордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. Ошол эле күнү депутаттык комиссиянын биринчи отуруму өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: