super.kg logo

Бишкекте белгилүү ырчы JAX'тын катышуусунда жабык иш-чара өттү

 

Бишкек шаарындагы HILLS барында 21-июнда кыргызстандык белгилүү аткаруучу JAX'тын катышуусунда жабык презентация болду.

Иш-чара колдонуучуларды башкалардан аметист түсү менен өзгөчөлөнүп турган IQOS ORIGINALS DUOнун чектелген нускасын ишке киргизүү үчүн уюштурулду. Аталган аппарат чектелүү гана санда чыгат жана ар бир колдонуучуну өзгөчө кылып аларга кайталангыс стиль берет.



Иш-чарада ар бир катышуучу түрдүү интерактивдүү зоналарда каалаган аппаратын тандашты. Ошондой эле катышуучулар үчүн көңүл ачуучу программа уюштурулуп, аларга гастрономиялык концепцияны ойлоп тапкан балиялык ашпозчунун экзотикалык татымдары тартууланды.


Ал эми кечеде DJ Kiss музыкалык атмосфера жаратса, жаш жана таланттуу ырчы JAX'тын хит ырлары меймандарды өзгөчө шаңга бөлөдү.

Белгилей кетсек, презентацияга катышкандардын арасында Тилек Бекболотов, Айпери Обозова, Айжаркын Карыбаева, Азис, Аскар Думанаев, Руслан Мыктыев, Зарина Алмасова, ¬Тилек Сулайманов жана Александр Воробьев болду.

Ошондой эле жабык көрсөтүүдө "Philip Morris International" ыйгарым укуктуу өкүлү Артем Бабенко сөз сүйлөп, IQOS колдонуучуларынын ишенимин арттырууда аталган иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи: "Биз колдонуучуларыбыз аппаратты колдонуу менен эң жакшы тажрыйба алышы үчүн түзмөктөрүбүздү өркүндөтүп жатабыз. Жаңы IQOS ORIGINALS DUO Аметист – бул алдыңкы технология менен стилдүү дизайндын балансы".

Артем Бабенко сөзүнүн аягында конокторду жана команданы IQOS түзүлүштөрүнүн палитрасына көбүрөөк түстөрдү алып келген чектелген сериянын чыгышы менен куттуктады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: