Базар-Коргондо 23 жаштагы келин 2 жашар кызы менен дайынсыз болууда
Базар-Коргон районунун Абдираимов айылынын тургуну 2000-жылы туулган Айкөкүл Айтмамат кызы колундагы 2 жашар кызы менен 6-июнда саат 15:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлады.
Ага ылайык, учурда эне-баланын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
"Айкөкүлдүн бою 160-165 сантиметр, ак жүздүү, көзү кара, чачы кара, арык дене түзүлүштө. Анын башында ак түстөгү жоолук, үстүндө кызыл түстөгү көйнөк, кара түстөгү шым, кара түстөгү кроссовки болгон.
Кандайдыр бир маалымат болсо кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Байланыш номурлары: 102, (03736) 5 02 61, 0559 351 635, 0997 301 015", - деп айтылат билдирүүдө.



