super.kg logo

Баткендик ишкерлердин бюджеттик насыялардагы карыздары кечирилди

 

Президент Садыр Жапаров “2021-жылдын 28–30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Мыйзам 2023-жылдын 24-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2021-жылдын 28–30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан жана министрлер кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 115 “2021-жылдын 28–30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык берилген бюджеттик кредиттер боюнча карызды эсептен чыгаруу тартибин жөнгө салат.

Мыйзамда 2021-жылдын 28–30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттеринин бюджеттик кредиттер боюнча берилген карыздары, анын ичинде бул быйзам күчүнө кирген учурга карата болгон карыздын негизги суммасын, пайдалангандыгы үчүн пайыздарды жана финансылык санкцияларды эсептен чыгаруу каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: