super.kg logo

Бишкекте унааларын туура эмес жерге токтоткон такси айдоочуларына эскертүүлөр берилди

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы авто бекеттерге барып, шаар ичи жана алыскы аймактарга каттаган маршурттук унаалардын айдоочуларына жана фирма жектекчилерине жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Анда, алыскы аймактарга каттаган таксилер кардарларды алууда жол жээктерине баш аламан токтотушуп, башка жол кыймылынын эрежелерине тоскоолдуктарды жаратуу менен жол эрежелерин одоно бузууда.

"Ошого байланыштуу мындай көрүнүштөргө жол бербөө максатында комплекстүү түрдө иш-чараларды иштеп чыгуу, таксилер каттамга авто бекеттерден гана жарандарды алуу, техникалык жактан талаптарга жооп бербеген унааларды каттамга чыгарбоо, ошондой эле тийиштүү кызматтар менен биргеликте жол жээгиндеги жол белгилерин карап чыгуу, жетишпеген жол белгилерин жана жол чийиндерин жаңылоо, багытында тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү боюнча иштерди алып баруу тапшырмалары коюлду", - деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле коомдук транспорттор каттамга чыгуу учурунда сөзсүз техникалык кароодан жана наркология бөлүмүнөн өтүү керек экендиги эскертилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: