super.kg logo

Трагедиядан бир аз мурун: "Титан" суу астында жүрүүчү кемеси кандай болгон? (видео)

 

Бүткүл дүйнөнүн көңүлүн өзүнө бурган "Титан" суу астында жүрүүчү кемесинин трагедияга чейинки видеосу интернет айдыңында пайда болду.

Бул суу астында жүрүүчү кеме белгилүү "Титаникке" барар алдында жасалган. Кеменин ичинде ажаткана жападан жалгыз терезенин маңдайында жана парда менен жабылган. Кеменин ичинде отургучтар жок, ичиндеги адамдар жөн гана отурушат.

Тактап кетели, суу астындагы саякатка билеттер 250 миң доллар турат.

Учурда бул суу астында жүрүүчү кеменин калдыктары "Титаник" кемесинен 1 чакырым алыстыкта табылды. Алдын ала маалымат боюнча кеме суунун басымын көтөрө албай жарылган болушу мүмкүн. Ал эми ичиндеги адамдар каза болгон деп табылды.

"Титаник" кыйраган жерге туристтерди жеткирген суу астында жүрүүчү "Титан" кемеси жоголгондугу тууралуу 19-июнда Бостон шаарынын жээк күзөт кызматы кабарлады. Бортто британиялык миллиардер жана саякатчы Хэмиш Хардинг, пакистандык ишкер Шахзад Дауд жана анын уулу Сулейман, француз изилдөөчүсү Пол-Анри Наргеоле жана кеме компаниясынын башкы директору Стоктон Раш бар болгон.






"Титан" суу астында жүрүүчү кеменин ички түзүлүшү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: