Бишкекте алгачкы жол көрсөткүчтөр орнотулду (фото)




Эми борбордун тургундарына жана борбордун конокторуна шаарды аралап өтүү бир топ жеңилдейт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Свердлов райондук администрациясынын демилгеси менен Чүй-Гоголь көчөлөрүнүн жана Чүй проспектиси-7-апрель көчөсүнүн кесилиштерине алгачкы жол көрсөткүчтөрү орнотулду.
Жаңы белгилер атайын чагылдыруучу пленка менен капталган, анын аркасында белгилерди ар кандай аба ырайында көрүүгө болот. Белги үчүн фаралардын жарыгы жетиштүү.
Жол көрсөтүүчү белгилер демөөрчүлөрдүн эсебинен Свердлов райондук администрациясынын колдоосу менен орнотулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:30
2025-07-07

19:43
2025-07-07

18:53
2025-07-07

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.