super.kg logo

"Вагнерчилер" Ростов-на-Донуну аралап..". Орусияда учурда эмне болуп жатат?

 

Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында жана Ростов облусунда Евгений Пригожиндин "Вагнер" аскердик компаниясына таандык делген куралчан адамдар пайда болду. Мындай маалыматтар Орусиянын жергиликтүү телеграм каналдарында жарыяланды.

Ростов-на-Дону онлайн” басылмасы шаарга Аксай тараптан аскер техникасынын колоннасы киргенин жазды.

"Ростовдун борборуна таңкы саат 05:00дө (Бишкек убактысы боюнча 08:00) танктар жана башка брондолгон унаалар келди. Камуфляж кийген, ак боо тагынган адамдар аскер округунун штабын жана укук коргоо органдарынын имаратын курчоого алышып, шаардын борбору тосулду", - деп жазды аталган басылма.

Куралчан адамдар шаардагы Түштүк аскер округунун штабын, Буденновский боюнча милиция бөлүмүн, Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгын жана Ростов администрациясын курчоого алышкан.

Ростов облусунун губернатору Василий Голубев жарандарды шаардын борборуна барбоого жана үйлөрүнөн чыкпоого чакырды.

Воронеж облусунун өкмөтү аскердик техниканын колоннасы М-4 Дон трассасы менен бара жатканын билдирди.

"Воронеж облусунун бардык тургундарынан М-4 Дон автожолун убактылуу колдонбоону суранабыз. Кырдаал көзөмөлгө алынды. Облустун күч түзүмдөрү аймактын тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатат", — деп айтылат өкмөттүн тараткан маалыматында.

Москванын мэри Сергей Собянин дагы билдирүү жасады.

"Түшкөн маалыматка байланыштуу Москвада коопсуздук чараларын күчөтүүгө багытталган антитеррордук иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Жолдорго кошумча көзөмөл киргизилди. Мүмкүн шаардагы пландалган иш-чараларды өткөрүүгө чек коюлушу мүмкүн", - деп жазды Собянин.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.06.2023. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Вагнерчилер" Ростов на Донуну аралап.... Орусияда учурда эмне болуп жатат? Билбейм ошо эмне болуп жатат? Супер?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: