Бишкекте бүтүрүүчүлөргө өзгөчө үлгүдөгү аттестаттар тапшырылды (фото)






Бишкекте өзгөчө үлгүдөгү аттестаттар тапшырылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында борбор калаанын билим берүү уюмдарынын 11-классынын бүтүрүүчүлөрүнө өзгөчө үлгүдөгү аттестаттарды тапшыруу салтанаттуу аземи өткөрүлдү.
Эң мыкты бүтүрүүчүлөргө борбордун мэри Эмилбек Абдыкадыров өзгөчө үлгүдөгү аттестаттарды, ал эми билим берүү уюмдарынын жетекчилерине муниципалитеттин ыраазычылык каттарын тапшырды.
Артыкчылык менен аттестат алуу укугун тастыктаган окуучулар үчүн шаардык бүтүрүү кечесин өткөрүү салтка айланган. Билим берүү департаменти тарабынан өткөрүлгөн майрамдын коноктору муниципалдык мектептердин 55 бүтүрүүчүсү жана мектеп жетекчилери болду.
«Алтын тамга» ээлеринин арасында шаардык, республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, шаардык, республикалык сынактардын байге ээлери жана лауреаттары бар.
Сыйлоо аземинен кийин бүтүрүүчүлөр жана мугалимдер үчүн майрамдык концерттик программа тартууланды.
Белгилей кетсек, «Алтын тамганы» республика боюнча 167 окуучу кабыл алса, анын 55и Бишкек шаарындагы муниципалдык мектептердин окуучулары (33%).



