super.kg logo

Путин куралдуу төңкөрүш жасоого аракет кылгандарды жок кылууга буйрук берди

 

Орус аскерлери куралдуу козголоңду уюштургандарды зыянсыздандыруу үчүн керектүү буйрук алды. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 24-июндагы кайрылуусунда айтты.

"Мен орус жарандарына, Куралдуу Күчтөрдүн, күч түзүмдөрүнүн жана атайын кызматтардын жеке курамына, азыр өздөрүнүн күжүрмөн позицияларында салгылашып, душмандын чабуулунун мизин кайтарып жаткан жоокерлерге жана командирлерге кайрылам,

Биздин ынтымагыбызды ыдыраткан иш-аракеттер чындыгында элибизден, азыр согушуп жаткан куралдаш досторубуздан баш тартуу болуп саналат, бул мамлекетибизге, элибиздин далысына сайылган бычак.

Биз элибизди да, мамлекеттүүлүгүбүздү да ар кандай коркунучтардан, анын ичинде ички чыккынчылыктан коргойбуз, биздин алдыбызда турган нерсе – бул чыккынчылык.

"Куралдуу күчтөр жана башка мамлекеттик органдар куралдуу козголоңду уюштургандарды зыянсыздандыруу үчүн керектүү буйруктарды алышты. Азыр Москвада, Москва облусунда жана башка бир катар аймактарда кошумча антитеррордук чаралар көрүлүүдө. Ошондой эле Ростов-на-Донуда кырдаалды турукташтыруу боюнча чечкиндүү аракеттер көрүлөт", - деди Путин.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.06.2023. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айлангани уруш баштайсынбы эми кантип токтотуштун жолун таппай отурат канча миндеген солдаттары кырылып кетти европа энесинин оюну беле буга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: