super.kg logo

Володимир Зеленський Орусиядагы кырдаал боюнча билдирүү жасады

 

Украинанын президенти Володимир Зеленський бүгүн, 24-июнда Орусияда болуп жаткан окуялар боюнча билдирүү жасады.

"Орусия өзүнүн алсыздыгын жана башкаруусунун туура эместигин көптөн бери пропаганда менен жаап келген. Эми ансыз деле башаламандык көп болгондуктан, аны эч кандай жашыра албайт. Орусиянын алсыздыгы көрүнүп турат. Толук алсыздык. Орусия өз жана жалданма аскерлерин биздин жерибизде канча сактай турган болсо, өздөрүнө ошончолук баш аламандык, азап жана көйгөйлөр жаралат. Бул да айдан ачык", - деген Зеленський.

Анын айтымында, жамандын жолун тандаган ар бир адам өзүн жок кылат.

23-июнь күнү кечинде "Вагнер" жеке аскердик команиясынын башчысы Евгений Пригожин Орус армиясы жалданма аскерлердин арткы лагерлерине ракеталык чабуул жасаганын билдирди. Анын айтымында, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Ростовго учуп барып, ал жерде жалданма аскерлерди жок кылуу операциясын өзү жүргүзгөн.

Пригожин Шойгу Ростовдон коркоктук менен качып кеткенин кошумчалады. Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты провокация деп атады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: