Балбан Калыбек Жолчубеков Казакстандын президентинин Кубогунда алтын медаль тагынды

Кыргызстандык балбан Калыбек Жолчубеков Казакстандын президентинин Кубогу үчүн өтүп жаткан Эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар билдиришет.
Маалыматка ылайык, Калыбек Жолчубеков 55 килограмм салмакта 3 беттешин утуп, чемпиондукту камсыздай алды.
Казакстандын президентинин Кубогу үчүн болгон мелдеш 11-декабрда старт алган жана ага дүйнөнүн 9 өлкөсүнөн жүзгө чукул балбан катышууда. Чемпиондук үчүн күрөштөр 7 салмак категориясында жүрүүдө.
Бул жолкусун эске алганда мелдеш 4-ирет өткөрүлүп жатат. Анын байге фонду 77 000 долларды түзөт. Алтын алган балбанга 5000 доллар каралса, күмүш ээсине 3000 доллар ыйгарылат. Ал эми коло медалдын ээлери 1500 доллар менен сыйланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
adiletaltynbek

12.12.2013. 11:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!
MEDER_KULETOV

12.12.2013. 11:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын иним кыргыздын желегин дагыда желбирете беришине ишенебиз
tilek-x

12.12.2013. 12:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Калыбек кыргыздын желегин желбирете бер!
bekos2012

12.12.2013. 13:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат, ийгилигин кут болсун
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.