super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Кыргызстандын юристтерин куттуктады

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда өлкөнүн юристтерин Юристтер күнү менен куттуктады. Куттуктоо президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

"Урматтуу юристтер жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Бул майрам жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, мамлекеттин укуктук негиздерин чыңдоо үчүн жоопкерчиликтүү ишке өзүн арнаган бардык адамдарды бириктирет.

Сиздердин эмгегиңиздер биздин жашообуздун бардык тармактарында жогорку деңгээлде талап кылынат. Бүгүнкү күндө экономиканы, мамлекеттик аппараттын, ишканалардын, бизнестин ишин, социалдык чөйрөнү укуктук колдоосуз жана коштоосуз элестетүү мүмкүн эмес.

Моралдык, адеп-ахлактык баалуулуктарга, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун конституциялык кепилдиктерине таянып, биз адилеттүү мамлекетти курууга умтулабыз. Сиздер, юристтер, адилеттүүлүккө кызмат кылуунун татаал жолун тандап алдыңыздар жана сиздер үчүн адилеттүүлүк кесиптик иштин негизги багыты болууга тийиш. Сиздердин ак ниет эмгегиңиздер, тажрыйбаңыздар, коюлган максатты аткарууга умтулганыңыздар – мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуунун ишенимдүү кепилдиги.

Сиздердеги жогорку кесипкөйлүк, активдүү жарандык позиция, кынтыксыз аброй мамлекетибизде жана коомубузда туруктуулукту жана укук тартибин чыңдоонун кепилдиги болот деп ишенем.

Сиздерге чың ден соолук жана бакубатчылык, биздин мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн ары түйшүктүү, ары жооптуу ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: