super.kg logo

Эксперттер "Титаникти" көргөнү кеткен миллионерлер кантип каза болгонун айтышты

 

Атлантика океанына чөгүп кеткен "Титаникке" түшүп бара жатып жоголгон "Титан" суу астында жүрүүчү кемесинин экипаждары өтө тез жана кыйналбастан каза болгон. Мындай пикирин Флорида эл аралык университетинин профессору Эйлин Мария Марти CNN телеканалына берген маегинде билдирди.

"Аппараттын корпусунун жарылышы укмуштуудай тез, миллисекунддун ичинде болгон. Мунун баары, балким, ичиндеги адамдар көйгөй бар экенин түшүнө электе болгон. Алар менимче кыйналган эмес", - деген окумуштуу.

"Титаник" кыйраган жерге туристтерди жеткирген суу астында жүрүүчү "Титан" кемеси жоголгондугу тууралуу 19-июнда Бостон шаарынын жээк күзөт кызматы кабарлады. Бортто британиялык миллиардер жана саякатчы Хэмиш Хардинг, пакистандык ишкер Шахзад Дауд жана анын уулу Сулейман, француз изилдөөчүсү Пол-Анри Наргеоле жана кеме компаниясынын башкы директору Стоктон Раш бар болгон.

Учурда бул суу астында жүрүүчү кеменин калдыктары "Титаник" кемесинен 1 чакырым алыстыкта табылды. Алдын ала маалымат боюнча кеме суунун басымын көтөрө албай жарылган болушу мүмкүн. Ал эми ичиндеги адамдар каза болгон деп табылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: