super.kg logo
  Спорт  

Футзал боюнча Кыргызстандын U-14 кубогунун жеңүүчүлөрү аныкталды

 

Футзал боюнча 14 жашка чейинкилер арасында (U-14) Кыргызстандын кубогу болуп өттү. Бул туурасында Футзал ассоциациясынан билдиришти.

Белгиленгендей, мелдешке 8 команда катышкан.

Кубоктун жеңүүчүсү болуп Ош шаарынын командасы табылды. Алар финалда Бишкек шаарынын командасын 3:1 эсеби менен жеңип алышты.

Коло байге үчүн болгон беттеште Нарын шаарынын командасы Ысык-Көлдү 4:2 эсебинде утуп алган.

Оюндар бүткөн соң командаларды салтанаттуу сыйлоо аземи өтүп, анда мыкты оюнчулар да аталды.

U-14 Кубогунун мыктылары;

•Мыкты дарбазачы — Төлөмүшов Канатбек (Ысык-Көл);
•Мыкты коргоочу — Худайбердиев Данат (Бишкек);
•Мыкты чабуулчу — Мансуров Эрхан (Ош);
•Мыкты бомбардир — Эсенбеков Айдан (Нарын);
•Мыкты оюнчу — Талайбеков Арсен (Бишкек);
•Мыкты машыктыруучу — Байгазы уулу Уланбек (Нарын);
•Элдин сүймөнчүлүгү — Жамалдинов Нурислам (Ош).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: