super.kg logo

Таиландда миңдеген балыктар кырылып жатат (фото)

 

Таиланддын түштүк аймагында миңдеген өлүк балыктар жээкке чыгып жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, Таиланддын түштүгүндөгү Чумфон провинциясындагы 4 чакырымдык жээкте миңдеген өлүк балыктар жатат. Адистер мындай көрүнүштү глобалдык жылуулуктун таасиринен суу алдындагы балырлар гүлдөп жатканын, анын натыйжасында сууда кычкылтек жетишсиз болуп, балыктар өлүп жатканын айтышууда.

Касецарт университетинин балык чарба факультетинин деканынын орун басары Тон Тамронгнавасават да жергиликтүү басылмаларга берген маегинде балыктардын өлүмүн балырлардын гүлдөшү менен байланыштырган:

"Бул табигый көрүнүш, суудагы кычкылтектин деңгээли төмөндөгөндө балыктар өлүмгө дуушар болот. Мындай нерсе буга чейин деле миңдеген жылдар бою болуп келген. Болгону акыркы жылдары глобалдык жылуулуктун таасиринен мындай көрүнүштөр байма-бай болууда”.

Эске салсак, июнь айынын башында да АКШнын Техас штатындагы жээктерге миңдеген өлүк балыктар пайда болгон. Адистер Англиянын жээктеринде да балырлар гүлдөшү мүмкүн экенин эскертип, алдын ала чара көрүүгө чакырууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: