30-июнда Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын курулушу башталат

Ысык-Көлдөгү Асман эко-шаарынын курулушуна 30-июнда капсула салынат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков эске салды.
Ал социалдык тармакка жазган билдирүүсүндө бул долбоор жарыяланганда эч ким ишенген эместигин баса белгилеген. Аны менен катар өлкө аймагында жүзөгө ашып жаткан бир катар долбоорлорго токтолгон. Алардын катарында "Кумтөр" компаниясынын Кыргызстанга өткөрүлгөнү, “Камбар-Ата 1” ГЭСинин, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу сыяктуу долбоорлорду тизмектеген.
"Ал тургай шакаба, күлкү кылып дагы айтып, жазып жатышты. Ири долбоордун курулушуна президентибиз капсула салат, андан ары жумуш башталат. Салыштырып айтып кетким келет. Бүткүл дүйнө эли кызыккан, туристтер агылып барган Дубай шаары чөлгө, эч кандай шарты жок жерге, инвесторлордун жардамы менен курулган", - деди ал.
Орунбеков Асман шаары – төрт мезгили бар, ажайып кооз, ак мөңгүлүү тоолордун курчоосундагы Ысык-Көлдүн жээгине түшөрүн жазды.
"Президент Садыр Жапаров баштаган ишин сөзсүз аягына чыгарат. Убакыт учкан куш. Бүт дүйнөнүн эли агылып келе турган Борбор Азияда шаар пайда болот, ал – Асман!", - деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, Асман шаарын тыштан келген инвесторлор салат. Шаардын аянты 4 миң гектарды түзүп, анда 500 миңден 700 миңге чейин адам жашайт.


