super.kg logo

Монголиянын Кытай менен Орусияга чектешкен аймактарында кара тумоо катталды

 

Монголиянын 17 облусунда кара тумоонун 137 учуру катталды. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги Монголиянын зооноздук инфекцияларды изилдөө боюнча улуттук борборуна шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Маалым болгондой, жугуштуу илдет Монголиянын Орусия жана Кытай менен чектешкен аймактарында катталган.

"Орусия менен Кытайдын чек арасындагы батыш аймактар кооптуу зонага кирет, ал жерде жыл сайын кара тумоо менен ооругандар катталат. Оору адамга жаныбарлардан, алардын этин жегенден жугат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле маалыматта буга чейин Кытай менен чектеш жайгашкан Ховд облусунда 32 адам чума оорусуна чалдыкса, анын 13ү каза болгону айтылган. Алардын көпчүлүгү 2020-2022-жылдары катталган.

Белгилей кетсек, кара тумоо-жугуштуу оору. Бул көп учурда суурлар аркылуу жугат. Негизинен бул кемирүүчүлөр Монголия талааларында, Кытайдын түндүк-чыгышында, ошондой эле Тывада бар. Бирок буга чейин Кытайда кара тумоо койдон жуккан учур да катталган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: