super.kg logo

Арасында Кыргыз жарандары бар. Орусияда мигранттардын ортосунда массалык мушташуу болду (видео)

 

Орусияда 500гө жакын Кыргызстан менен Тажикстан жарандарынын ортосунда массалык мушташуу орун алды. Бул тууралуу маалыматты Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинен тастыкташты.

Маалыматка караганда, жаңжал 23-июнда Иркутск облусундагы Ковыкта газ конденсаты кенинде болгон. Пикир келишпестик тамактануу учурунда кимдир бирөөлөрдүн ашканага кезексиз кирүүгө аракет кылганы менен башталган. Тамактангандан кийин эки тарап өз ара сүйлөшүүгө аракет кылган, жыйынтыгында массалык мушташуу башталып кеткен.

Орусиялык басылмалардын жазган маалыматына ылайык, пикир келишпестиктен улам 10 адам: А.Маматов, Ф.Чоршанбиев, М.Нормуратов, А.Алмазбеков, А.Билалов, Б.Сайдалиев, Б.Атырбеков, Д.Сафаров, М.Искандар аттуу жарандар жаракат алышкан.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча жаракат алгандардын ичинде кыргызстандык 5 жаран бар. Алар ар кандай оордуктагы жаракат алышканы, бирөөсү ооруканага жаткырылганы кабарланды.

Учурда полиция кызматкерлери тарабынан окуя иликтенүүдө.






Орусияда Кыргызстан менен Тажикстан жарандарынын ортосунда массалык муштаж болду (видео)

Орусияда Кыргызстан менен Тажикстан жарандарынын ортосунда массалык муштаж болду (видео)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.06.2023. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
БАТКЕН ОБУЛАСЫ КАДАМЖАЙ РАЙОНУ АЙДАРКЕН ШААРЫ кундун таабы 40 45 ысык болуп жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: