super.kg logo
  Саясат  

Ишкерлерден акча талап кылууга шектелген бажы кызматкери кармалды (видео)

 

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери ишкерлерден акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында коррупциянын көрүнүштөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бажы кызматынын алдындагы “Автомобильный” Түндүк-Чыгыш бажысынын бажылык тариздөө жери боюнча улук инспектору, майор Ж.у.М. кармалган.

Жогорудагы кызматкер “Автомобильный” бажылык тариздөө жеринде мыйзамсыз баюу максатында аталган бажылык тариздөө жери аркылуу өткөн жеке ишкерлерден акча каражаттарын өндүрүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталган.

Кармалган адам УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.






Ишкерлерден акча талап кылууга шектелип бажы кызматкери кармалды (видео)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: