super.kg logo
  Спорт  

 Brave CF 72 лигасынын чемпиону Немат Абдрашитовду аэропорттон тосуп алышты (видео)

 

BRAVE CF 72 лигасында чемпион аталган кыргызстандык мушкер Немат Абдрашитовду жакындары жана күйөрмандары аэропорттон тосуп алышты. Бул тууралуу мушкер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.

"Алтындай болгон убактыңарды бөлүп келгениңерге чоң рахмат!"- деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, "Бүркүт" каймана аты менен белгилүү Немат Абдрашитов BRAVE CF 72 лигасынын алкагында жарым жеңил салмак ченинде орусиялык Роман Богатов менен беттешип, чемпиондук курга ээ болгон.

Белгилей кетсек, BRAVE Combat Federation - 2016-жылдын 23-сентябрында шейх Халид бин Хамад Аль Халифа тарабынан түзүлгөн аралаш мушташ өнөрү боюнча уюм. Аталган уюмга беш континенттеги 80ден ашуун өлкөнүн мушкерлери катышат.

Эске салсак, Немат Абдрашитов BRAVE CF лигасында чемпион аталган кыргызстандык экинчи мушкер. Буга чейин Кубанычбек Абдисалам уулу да Brave CF league чемпиондук наамын жеңип алган.






 Brave CF 72 лигасынын чемпиону Немат Абдрашитовду аэропорттон тосуп алышты (видео)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: