super.kg logo

"Талибан" лидери ооган аялдарынын укугу кеңейтилгенин билдирди

 

"Талибандын" лидери Хайбатулла Ахундзада ооган аялдарын "салттуу эзүүдөн" бошотуп, аларга "эркин адам" статусу берилгенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, мындай билдирүүнү Ахундзада Курман айт майрамына карата айткан куттуктоосунда билдирген.

Билдирүүдө "Талибан" режиминин жетишкендиктеринин арасында аялдардын эркин жана татыктуу адам катары статусун калыбына келтирүү болгону жана бардык институттар аялдарга никеге туруу, мураска ээ болуу жана башка укуктарды камсыз кылууга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү экени баяндалган. Ошондой эле жаңы режим аялдарга ислам шариятына ылайык жайлуу жана бакубат жашоону камсыз кылуу үчүн маанилүү кадамдарды жасаганы айтылган.

Эске салсак, 2022-жылдын март айында Ооганстанда орто жана жогорку класста окуган кыздарга мектепке барууга тыюу салынса, декабрда башталгыч класстын окуучуларына да тыюу салынган. Мындан сырткары аялдар университетте билим алуу, парктарга баруу, эл аралык жана бейөкмөт уюмдарда иштөө укугунан ажыратылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.06.2023. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Динди жамынып алышып кыздарды малай сыяктуу кордогон ашынган динчилдерден алыс болгула. Дин элдерге жалган максаттарды убадалайт. Адам реалист болуш керек. Кыздардын бети башын хиджабка тумчулоо - алардын адептуу, бактылуу болуп кетишине алып барбайт. Жалган убадаларга ишенбегиле.
26.06.2023. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын ушинткен чектоолордон! Кыргыз кыздары эч качан жузун жапкан эмес! Эркин мамлекетте жашаганыма мин шугур!
26.06.2023. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адилеттүү болуп, эки жүздүүлүктөн алыс бол. Мына ошол сенин динчилдигиң, ыймандуулугуң.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: