super.kg logo

Макгрегор өзүн “UFC падышасы” деп атады  

 

Белгилүү ирландиялык мушкер Конор Макгрегор өзүн UFC падышасы” деп атады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Мен дайыма кайсы бир салмак категориясына карабастан рейтинг падышасымын”, - деп жазылат андагы билдирүүдө.

Буга чейин Макгрегор 2023-жылы октагонго кайтпай калышы мүмкүн экени белгилүү болгон. Ирландиялык спортчу Американын допингге каршы күрөшүү агенттигинин (USADA) тестирлөөсүнөн өткөн эмес. Ал 180 күндүн ичинде милдеттүү допинг-тесттен өтпөй калса, беттешке катыша албай калышы ыктымал.

Макгрегор акыркы жолу 2021-жылы америкалык Дастин Порьеге техникалык нокаут менен утулуп калган. Беттеште ирландиялыктын буту сынып, ал азыркыга чейин дарыланууда.

Эске салсак, Макгрегор UFC уюмунун жеңил жана жарым жеңил салмактагы мурдагы чемпиону. Жалпысынан ал 28 беттешке катышып, анын 22синде жеңишке жетсе, алты жолу жеңилүү ызасын тарткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: