super.kg logo

Бажы кызматы: "Өлкөгө 160 миң долларлык  медициналык жабдуулар мыйзамсыз алынып келинген"

 

Кыргызстанга 160 миң долларлык медициналык жабдууларды мыйзамсыз алып келүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, "Манас" бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын жана ЕАЭБдин аймагына келген товарларга бажы көзөмөлүнүн алкагында жалган декларациялоо фактысы аныкталды.

Ага ылайык, "И.Н.Б." ЖЧКнын дарегине ЕАЭБге чектеш мамлекеттен ТЭИ ТН кодуна ылайык классификация боюнча бажы төлөмдөрүн эсептөө үчүн атайылап бурмаланган маалыматы менен "Trima Accel" кан куюу үчүн медициналык жабдуулар товарлары келген.

Товардын жалпы салмагы 1292,1 миң килограмм, баасы 159 миң 562 долларын түзгөн. Ошондой эле товарды бажы жагынан тариздөөдө төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммасы 698 миң 801 сомду түздү.

Учурда аталган факты каттоого алынып, материалдар мыйзамга ылайык чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: