super.kg logo
  Саясат  

Нурланбек Шакиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту

 

Кечээ, 26-июнда төрага Нурланбек Шакиев Казакстандагы расмий иш сапарынын алкагында коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда мамлекеттер аралык байланыштын учурдагы абалы тууралуу сөз болуп, бардык багыттагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

"Кыргызстан Казакстан менен калыптанган алакаларды өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеген Нурланбек Шакиев байланыштарды арттырууда парламенттик дипломатиянын ролу чоң экендигин кошумчалады. Муну менен катар экономикалык кызматташтык тууралуу да сөз кылып, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү планын жакынкы аралыкта ишке ашыруу маселесине токтолду.

Ал эми Касым-Жомарт Токаев эки мамлекет ортосунда алакалар акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, бардык маселе сүйлөшүүлөрдүн негизинде ыкчам чечилип жатканын билдирди", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: