super.kg logo

"Кыргыз жарандары бар". Орусияда 6 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды

 

Орусиянын Самара облусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 2 кыргызстандык жаран каза тапты. Бул тууралуу маалыматты Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 27-июнга караган түнү саат 00:05тер чамасында (ред.: Кыргызстандын убактысы менен 3:05) Самара - Большая Черниговка унаа жолунун 110-чакырымында катталган. Анда Хонда (минивен) жана Хендай жеңил унаалары кагышып кетип, 6 адам жеринде каза тапкан. Ошондой эле 7 жүргүнчү оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Каза болгон 6 адамдын экөө 1992 жана 1979-жылы туулган Кыргыз жарандары экени маалымдалды. Ал эми калган төртөө Өзбек жарандары болгон. Каза тапкандардын аты-жөнү азырынча тактала элек.

"Укук коргоо органдары кырсыктын себептерин иликтеп жатышат. Ошондой эле оор жаракат алган 7 адамдын арасында да кыргызстандыктар бар же жок экени такталууда. Кыргызстандын жана Орусиянын элчиликтери каза тапкан жарандарды өлкөгө алып келүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат", - деп билдиришти элчиликтен.

Кырсыктын кесепети тууралуу кошумча маалымат берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: