super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар "Жаштар парламентинин" мүчөлөрү менен жолугушту (сүрөт)

 

Жаштар парламентинин бүгүн, 27-июндагы сессиясына Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев жана Эльдар Сулайманов катышып, келечек ээлерине кеп-кеңештерин, каалоо-тилектерин айтышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жаштар парламентинин мүчөлөрү күн тартибине коюлган технологиянын жана жасалма интеллекттин өнүгүшүнө экономикалык, социалдык кесепеттер тууралуу маселени талкуулады. Алар дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөрдүн позициясын аталган маселе боюнча изилдеп, ал өлкөнүн делегаты катары баяндама жасап, сунуштарын берди.

"Депутат Дастан Бекешев жаштар парламентинин сессиясына ар башка жогорку окуу жайлардан өзүнүн жигердүүлүгү, жетишкендиктери менен тандалып келген студенттерге кайрылып, аларды бири-бири менен жакындан таанышып, тыгыз байланышта болууга чакырды. Ал эми Эльдар Сулайманов Кыргызстанда башка өлкөлөрдүн жаштарынан кем калбаган күчтүү жаш муун өсүп келе жатканын белгилеп, жаштардын билимин өркүндөтүүнүн үстүндө талыкпай эмгектенүүгө чакырды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жаштар парламенти 2011-жылы түзүлүп, ага саясий партиялардын жаштар канатынын өкүлдөрү кирген. Бул уюм учурда Жогорку Кеңеш, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Жарандык идеялар фонду менен биргеликте өз ишин улантып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: