Жалал-Абадда “Йакын-Инкар” уюмунун мүчөлөрү балдарын мектепте окута турган болду






“Йакын-Инкар” уюмунун мүчөлөрү экстремисттик идеологиядан баш тартып, балдарына медициналык жардам жана светтик орто билим алууга макулдук беришти. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-майда өлкө аймагында тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик агымынын мүчөлөрү 1977-жылы туулган А.Т.М., 1987-жылы туулган Ж.К.Т. жана 1993-жылы туулган И.М.К. кармалган.
"Аталган адамдар мурда Жалал-Абад шаарында экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып, үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик медициналык жардам көрсөтүүгө, ошондой эле жалпы билим берүүчү мектептерге барууга тоскоолдук кылышкан. Тергөө абагында кармоо учурунда экстремисттик идеологиядан баш тартуу боюнча кармалгандар менен тиешелүү түшүндүрүү жана профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Натыйжада, алар өздөрүнүн ишинин туура эместигин түшүнүшүп, “Йакын-Инкар” ДЭУдан эл алдында баш тартышты", - деп айтылат билдирүүдө.
УКМКнын кызматкерлери тарабынан жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте кармалгандардын үй-бүлөлөрү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анын натыйжасында жашы жете элек балдар бейтапканага каттоого алынып жана аларды жаңы окуу жылынан баштап мектепте билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу боюнча милдеттенмелер алынганы кошумчаланды.



1 |