super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктады 

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу:

"Урматтуу мекендештер!

Ардактуу мусулман бир туугандар!

Баарыңыздарды мусулманчылыктагы эң чоң эки майрамдын бири Курман айт майрамы менен чын ниетимден куттуктаймын!

Курмандык чалуу амалдары менен өзгөчөлөнгөн, элдин биримдигин бекемдөөгө себепчи болгон бул майрам мусулмандардын руханий казынасында өзгөчө орунду ээлейт.

Курмандык – бул Жаратканга жакындоонун, анын буйрук-талаптарына моюн сунуп, напсиге азгырылбай, күйүмдүү болуунун белгиси.

Анын маани-маңызы колунда бар жарандар менен муктаж болгондордун ортосунда көпүрө жаратып, алардын ортосунда мээримдүүлүк, боорукерлик сезимдерди жандантып, бири-бирине болгон сый-урматын бекемдөөдө жатат. Жоомарттык кылып, курмандык чалып, башка бир мекендешине майрам тартуулоо менен адамзатты ынтымакта, биримдикте, тынчтыкта жашоого үндөй турган өзгөчөлүккө ээ.

Мен дагы жалпы Кыргыз жарандарын Курман айт майрамында муктаж адамдардын кубанычына себепчи болууга чакырып кетем.

Ислам дининин баалуулуктары кылымдарды карыткан улуу кыргыз элинин улуттук каада-салттарына шайкеш келип, элибиздин руханий өнүгүүсүнө өбөлгө болууда.

Урматтуу момун мусулмандар!

Бүгүнкү күндө Мекке шаарында ажылык парздарын аткарып жүргөн мекендештерибиздин ибадаттары кабыл болуп, аман-эсен кайтып келишин тилек кылалы.

Чалынган курмандыктарды Жараткан Алла кабыл кылсын.

Ар кыл этностордон жана конфессиялардан турган ырыскылуу Кыргыз элинин биримдиги чыңдалып, бата-тилектер кабыл болуп, Ата Мекенибиздин өнүгүшүнө багытталган бардык ой-максаттарыбыз орундалсын. Жараткан куттуу өлкөбүзгө бакубатчылык ыроолосун!

Айт майрамыңыздар маарек болсун!", - деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоосунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: