Өлкөдө табигый таза өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн In-vitro лабораториясы курулат






Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев кечээ, 27-июнда өлкөдө табигый таза өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн In-vitro лабораториясын куруу үчүн тиешелүү адистердин катышуусунда пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жыйынтыгында Бакыт Төрөбаев К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине жана Айыл чарба министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментине бир жумалык мөөнөттө аткара турган тиешелүү тапшырмаларды берди.
"In-vitro лабораториясынын негизги милдети ар кандай өсүмдүктөрдүн вирустары жана башка оорулары жок көчөттөрдү өстүрүү болуп саналат. Ошондой эле клондоштуруу аркылуу өсүмдүктөрдүн эски сортторун калыбына келтирүүгө жана алардын санын көбөйтүүгө болот. Бул лаборатория ишке киргизилсе жылына 500 миң көчөт өндүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөөрү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

