Оштогу борбордук аянтта 10 миңге жакын адам айт намазын окуду (сүрөт)






Ош шаарындагы борбордук аянтта 10 миңге чукул адам Курман айт намазын окуду. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Курман айт намазына калаа башчысы Бакытбек Жетигенов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Кушбак Шайиев, дин өкүлдөрү, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, аксакалдар жана тургундар катышты.
Шаар мэри Бакытбек Жетигенов кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктап, өлкөгө өсүп-өнүгүү каалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-09
22:08
2025-07-08

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.