Эртең Бишкектин бир катар жеринде электр жарыгы өчүрүлөт (тизме)
Эртең, 29-июнда борбор калаанын бир катар райондорунда электр жарыгы жок болот. Бул тууралуу "Бишкек электр тармактары" ишканасынан билдирди.
Ага ылайык, электриктер бейшемби күнү зым тартуу, жабдыктарды оңдоо сыяктуу бир катар жумуштарды аткарышат.
Электр жарыгы өчө турган аймактар:
09:00-12:00 — Арча-Бешик жаңы конушу (Күйүкова, Сандык-Төр, Шералиев, Кызыл-Суу, Ак-Марал, Кошон, Алтымышев, Көпүрө-Базар, Ак-Түз, Репин жана Валдайская көчөлөрү);
09:00-16:00 — Раззаков көчөсү (№100 үй);
09:00-17:00 — Киев, Тыныстанов, Токтогул, Абдрахманов, Шевченко, Үмөталиев, Фрунзе жана Турусбеков көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү;
09:00-18:00 — Төмөнкү Ала-Арча айылы (Кыргыз, Средний жал, Панфилов көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү);
09:30-17:00 — 8-кичи райондогу №91б үйү, Курманжан Датка жана Төрөкул Айтматов көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү, ошондой эле Кара-Жыгач жаңы конушу (Субан-Ата жана Кемин көчөлөрү);
09:30-18:00 — Карасаев, Гвардейская, Береговой, Садовый, Гранитный көчөлөрүнүн бөлүктөрү, Ак-Өргө жаңы конушу (Кырк-Чоро, Камбаркан, Саадак, Кербен, Күн-Көчө, Ай-Көчө көчөлөрү). Ошондой эле Балбан-Таймаш кичи району, Патрис Лумумба, Балбан-Таймаш, Профсоюз, Ийгилик, Кронштад, Садыгалиев, Кустанай, Кадырман, Кемендер, Насип көчөлөрү;
13:00-17:00 — Арча-Бешик жаңы конушу (Чортеков, Кең-Суу, Кең-Көл көчөлөрү).
Автор: Бек ОморбековФото: Интернеттен алынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.