super.kg logo

Аскар Акаев пенсияга чыккандан кийин Кыргызстанга келүүнү пландап жатканын айтты 

 

Туңгуч президент Аскар Акаев пенсияга чыккандан кийин Кыргызстанга келүүнү пландап жатканын кечээ, 27-июнда ТАСС маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

"Ооба, пенсияга чыкканда. Бирок азырынча Москва мамлекеттик университетинде иштеп турууга күчүм бар экенин сезип турам", - деген Акаев.

Белгилей кетсек, Аскар Акаев Кыргызстандан 2005-жылы март окуясынан кийин качып кеткен. Ал УКМК менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн негизинде 2021-жылы 2-августта Бишкекке келип, ошол эле күнү сурак берген. Анда мурдагы мамлекет башчы тергөө менен келишим түзүп, күнөөсүн мойнуна алган.

Ошондой эле "Кумтөр" иши боюнча кол коюлган документтер боюнча видео кайрылуу жасап кечирим сураган. Башкы прокуратура кийинчерээк ага карата иш токтотулганын билдирген.

Ал эми 19-майда Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева экөө Казакстан аркылуу Кыргызстанга киргени маалымдалган. Кийинчерээк анын тарапташтары Акаев Кыргызстандагы университеттерде лекция окуй тургандыгын билдиришкен. Андан соң билим берүү министри Каныбек Иманалиев Акаевдин пландаган лекцияларынын бардыгы жокко чыгарылгандыгын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: