Орусия жогорку окуу жайларына кыргызстандыктар үчүн миң орун бөлүп бермей болду
Орусия Кыргыз жарандарына жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн 1000 орун бөлүүнү пландап жатат. Бул тууралуу кечээ, 27-июнда Кыргызстан менен Орусиянын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлиндеги Кыргыз-Орус ТИМ аралык консультацияларында белгилүү болду.
Ошондой эле бөлүнгөн орундардын ичинен орто кесиптик билим алуу мүмкүндүгү жөнүндө макулдашууга жетишилди.
Жолугушууда кыргыз делегациясын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев, ал эми орусиялык делегацияны тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин жетектеди.
Эки тараптуу гуманитардык байланыштарды, анын ичинде маданият жана билим берүү жаатындагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.