super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандагы 1,6 миллион адам гана туруктуу жумуш менен камсыз болгон

 

Кыргызстанда 1,6 миллион адам туруктуу жумуш менен камсыз болгон. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда “Кыргызстандагы чакан каржы рыногунун ролу” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө маалым болду.  

Кыргызстандагы чакан каржы рыногунун таралышы калктын иш менен камсыз болгондугунан кабар берерин иликтөөлөр көрсөткөн. Жумушка жарамдуу 3,8 миллион жарандын 1,6 миллиону гана туруктуу иш менен камсыз болгон. Анын ичинен 2,2 миллион адам чакан каржы секторун пайдаланышат. 

Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун эксперти Айбек Давлесовдун айтымында, чакан каржы сектору 400 миң адамды жумуш менен камсыз кылат.  

Аталган сектордун республикадагы үлүшү 30 пайызды түзөт. Негизинен айыл чарба жана соода тармагындагы каржы активдүүлүгү байкалган.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: