Нарындагы эл аралык фестивалда Кыргыз шырдагы 400 миң сомго сатылды
Нарында өткөн “Кыргыз шырдагы XIII” эл аралык фестивалында шырдак 400 миң сомго сатылды. Аны Казакстандан келген коноктор сатып алган. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
"Мындан сырткары дагы көптөгөн шырдактар, кол өнөрчүлүк көргөзмөсүнө коюлган буюмдар сатылып, кардарларын тапты", - деп айтылат билдирүүдө.
Маалым болгондой, фестивалга 70тен ашык кол өнөрчүлөр келип, 300дөн ашык шырдактар коюлду.
Эл аралык фестивалга миңден ашуун адам катышкан, алардын ичинен 170и чет элдик туристтер. Андан тышкары, Япония, Өзбекстан, Казакстандын элчилери, бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да келишкен.
Эске салсак, кечээ, 28-июнда Нарын шаарынын кире беришиндеги “As A Nomad” этнокомплексинде “Кыргыз шырдагы XIII” эл аралык фестивалы өттү.

