MegaCom компаниясынын мурдагы жетекчиси 9-августка чейин камакта калды
"Альфа Телеком" же "Мега" ишканасынын мурдагы жетекчиси Азат Базаркулов СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук соту Базаркуловду 9-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.
Эске салсак, Азат Базаркулов 27-июнда коррупциялык иштерге шек саналып, тагыраагы, Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 4-бөлүгү (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.