super.kg logo

Атлантика океанында жоголгон "Титан" батискафындагы адамдардын сөөктөрү табылганы айтылды

 

АКШнын Жээк коопсуздугу кызматы Атлантика океанында дайынсыз жоголгон "Титан" батискафындагы саякатчылардыкы делген сөөктөрдү тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, табылган сөөктөр батискафтын ичинде болгон 5 адамдыкы деп божомолдонуп жатат. Бирок бул азырынча божомол гана. Эми алар океан астындагы урандылардан кылдаттык менен чыгарылып алынгандан кийин экспертизанын кароосуна жөнөтүлөт.

Буга чейин аталган кызмат издөө иштеринин натыйжасында батискаф жарылуудан кийин кыйраганын аныктап, андагы экипаж мүчөлөрү толугу менен каза тапты деген бүтүмгө келген.

Эске салсак, "Титан" аталышындагы туристтик аппарат 18-июнь күнү бир кылым мурда чөгүп кеткен "Титаник" кемесин көрүү үчүн Атлантика океанына түшүрүлгөн. Арадан 2 саат өтпөй ортодогу байланыш үзүлүп, батискафты издөө иштери башталган.

Аппараттын ичинде америкалык OceanGate Expeditions компаниясынын негиздөөчүсү Стоктон Раш, тереңдиктерди изилдөө боюнча ардагер окумуштуу Поль-Анри Наржеоле, британиялык миллиардер, космос саякатчысы Хамиш Хардинг, пакистандык ишкер Шахзада Давуд жана анын уулу Сулейман болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: