super.kg logo

Израилде Кыргыз элине арналган ыраазычылык ташы орнотулду

 

Израилде Экинчи дүйнөлүк согушта еврей үй-бүлөлөрүн баш калкалаткан Кыргыз элине арналган ыраазычылык ташы орнотулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Анын ачылыш аземине аталган министрликтин жетекчиси Кудайберген Базарбаев катышты.

"Кыргызстанда эки адамдын ысымы эркиндиктин символу болуп калды. Токтогон Алтыбасарова 16 жашында эвакуацияланган 150 баланы багып алган. Эстер Зингер эвакуациянын бардык кыйынчылыктарын башынан өткөргөн миңдеген баланын символу болуп калды.

Тилекке каршы, Эстер көптөгөн башка бөбөктөрдөй эле жолдон чарчап калган. Стретенка деген Кыргыз айылында Эстердин ташы орнотулган.

Ал ошол жылдары да, бүгүнкү күндө дагы биздин биргеликте экенибизди билдирет", - деген Базарбаев.

Белгилей кетсек, министр Израилде иш сапары менен жүрөт. Ал кесиптеши менен кыргызстандыктардын бул өлкөдө жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн талкуулаган. Делегациянын курамында билим берүү министринин орун басары Расул Авазбек уулу да бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: