super.kg logo

Баткенде аткезчилик менен товар алып өтүү фактысы аныкталды

 

Баткенде 480 миң сомдон ашык суммадагы чарбалык товарларды аткезчилик жол менен алып өтүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Мамлекеттик бажы кызматынан маалымдашты.

Ага ылайык, ЕАЭБдин жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө товарларды мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныкталган.

"Өзбекстандын Х.Ж.Р.у. аттуу жаранынын башкаруусундагы «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү унаанын жүк салуу бөлүгүн текшерүү учурунда бажы аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган эч кандай жүк коштоочу документтери жок тиричилик буюмдары аныкталган. Анын жалпы салмагы 3 миң 899,8 килограмм, орточо базар баасы 481 миң 60 сомду түзөт", - деп жазылат маалыматта.

Учурда аталган факты каттоого алынып, материалдар бажы органынын бажылык териштирүү секторунда каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: